Ош: 18 күндө жол кырсыгынан 7 адам көз жумду

Ош облусунун Алай жана Араван райондорунда 16-январь күнү автокырсыктан эки адам каза тапты. Аларды кошкондо соңку 18 күндө облуста 7 адам жол кырсыгынан каза болгон. 

Ош облустук жол кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, 2016-жылдын 16-январында Араван — Ош жолунда «Жигули ВАЗ- 21-07» менен «Хонда CRV» унаасы кагыша кетишкен. Маалыматка караганда эки унаа тең бир тилкеде келе жатып, Жигулинин айдоочусу эскертүүсүз буруп жиберген. Натыйжада артында келе жаткан «Хонда CRV» унаасы келип сүзгөн.  Жигули унаасынын 45 жаштагы айдоочусу ооруканага жеткирилип, өзүнө келе албай каза болуп калган.

Ошол эле күнү Ош-Эркештам унаа жолунда дагы бир адам өлүмүн алып келген кырсык катталган. «Хонда-Илюзион» автоунаасы жол четинде турган «Луман-Фотон» оор жүк ташуучу унаасын келип сүз алган. Натыйжада айдоочу денесинен жаракат алса, жанындагы 1993-жылы туулган жүргүнчү кырсык болгон жерде көз жумган.

Ош облустук жол коопсуздук башкармалыгынын маалыматына караганда, январь айынан бери облус аймагында 20 жолу  унаа кырсыгы катталган. Анын ичинен 7 адам каза болсо, 38 жаран денесинен ар кандай жаракат алышкан.

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо