Ош шаарынын бюджети 187 млн сомго көбөйдү

Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын каржы, экономика жана инвестиция бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Кайымов  «T-Media» сайтынын  «Адил сөз» программасында билдирди. 

Анын айтымында өткөн 2018-жылы Ош шаарынын казынасы 945 млн сом болгон. Быйыл 1 млрд 127 млн сомго жетти. Шаар бюджети өткөн жылга караганда 20%га өскөн. Булардын 87 %ы салык кирешелеринен түшкөн жана быйылкы жылы кирешеден түшкөн салыктын  70%ы шаар казынасына калган.

Быйылкы жылдагы шаардагы чыгаша бөлүктөрү дээрлик өзгөргөн жок. Алдын ала божомол боюнча 42 %ы социалдык тармактарга, 33%ы турак жай жана коммуналдык чарбага, 15, 6 %ы мамлекеттик кызматтарга, 9% ы экономика тармагына жана 0,6 %ы коргонуу тармагына жумшалат.

Шаар бийлиги быйыл курулуш жана өнүгүү тармагына көбүрөөк каражат бөлөт. Анын суммасы 208 млн сом болуп, жолдорду асфальттоого жана социалдык обьектилердин курулушуна сарпталат.

 

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*