Түркияда акысыз окугуң келеби? «Turkiye burslari» каттоону баштады

«Түркия стипендиялары» программасы арыздарды кабыл алууну баштады. Сынактан өткөн абитуриенттер Түркиянын эң мыкты жогорку окуу жайларында стипендия менен окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги «Түркия стипендиялары» (Turkiye burslari)  программасынын бакалавриат, магистратура жана докторантура-PhD багытында абитуриенттерди каттоо башталаганын маалымдайт.

«Түркия стипендиялары» программасы түрк өкмөтү тарабынан каржыланат.  Стипендия программасына каттоо 2019-жылдын 15-январынан тарта  20-февралына чейин жүрөт.

Толук маалымат жана арыз берүү:  https://www.turkiyeburslari.gov.tr  дареги боюнча жүргүзүлөт.

«Түркия стипендиялары» билим берүү программасы дүйнөдөгү атактуу программалардын бири болуп эсептелет. 180 өлкөдөн келген жаштар Түркияда бул программа менен эң мыкты университеттерде билим алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мурда кыргызстандык абитуриенттер чет өлкөлүк студенттер үчүн уюштурулган жалпы сынакка кирсе, кийин ал жоюлуп, «Түркия стипендиясы» деген программа аркылуу кабыл алынып калган. Бул программа менен келип билим алып жаткан жүздөгөн кыргызстандык жаштар бар.

Учурда Түркиянын жогорку окуу жайларында эки миңден ашуун кыргызстандык студент билим алат. Айрымдары атайын мамлекеттик стипендиялар менен окушса, башкалары окуу акысын өз чөнтөгүнөн төлөшөт.

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*