Японияда Кучинорабу аралында жанар тоо жарылды

Япониянын түштүгүндөгү  Кучинорабу аралындагы Шиндаке жанар тоосу жарылды. Бул тууралуу Киодо маалымат агенттиги өлкөнүн  метеорология кызматынын маалыматына таянып жарыялаган. 

Маалыматта Шиндаке жанар тоосунун эрте мененки сааттарда жарылгандыгы белгиленген. Жарылуудан кийинки күл сапырылып 500 метрге чейин жеткен.

Вулкандык агымдардын кратерден 1, 5 чакырым алыстыкка чейин жеткен. Жарылуудан кийин арал калкынын коопсуз экендиги белгиленди. Калк эвакуацияланган эмес.

Эске салсак, Шиндаке жанар тоосунда акыркы жарылуу 2015 -жылы май айында болгон. Ошондогу  жарылуулардан арал калкы убактылуу эвакуацияланган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10428 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо