Даккада «Дарак ыры» мыкты тасма деп аталды

Бангладештин борбору Даккада өткөн эл аралык «Азиянын фильмдери» кинофестивалында «Дарак ыры» тасмасы мыкты деп таанылды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Фестиваль 10-18-январь күндөрү өткөн. Ага Кыргызстандын атынан 5 тасма катышкан. Эл аралык кинофестивалга жалпы 72 өлкөдөн келген 220 тасма катышып, ат салышкан.

17-ирет өтүп жаткан фестивалды “Rainbow” (“Күн желеси”) кино коомчулугу өткөргөн.

Эскерте кетсек «Дарак ыры» тасмасын режиссер Айбек Дайырбеков тарткан. Анын бет ачары 2018-жылдын 28-февралда болгон.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо