Россиянын борбордук банкы кайрадан валюта ала баштайт

Орусиянын борбордук банкы февралдан баштап кайрадан валюта ала баштайт. Жалпы 265,  миллиард рубль башкача айтканда 3, 9 миллиард доллар алынышы пландалууда. 

Банк 2018 — жыл август айынан бери биринчи жолу валюта алып, 6–февралга чейин жалпы 3, 9 миллиард доллар валюта алынышы пландалып жатат.

Борбордук банкынын интернет сайтында жарыяланган маалыматка караганда Россиянын финансы министрлиги үчүн 15- январда 15, 6 миллиард рубль башкача айтканда 235 миллион долларга жакын валюта алды.

Белигилей кетсек, базарлардагы толкундоолор жана АКШнын санкция улам Россиянын Борбордук банкы өткөн жылдын август айында валюта алууну токтоткон.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо