460 миллион жылдык үлүл кабыгы табылды

Түркиянын Бодрум музейинде «Хасан Гүлешчи үлүл кабыгы коллекциясы» деген аталышты көргөзмө болуп өттү.

Мугланын Бодрум районунда Бодрум деңиз музейинде көргөзмөгө чыга баштаган деңиз кабыгы коллекциясында 460 миллион жылдык үлүл кабыгы табылды.

Измирдеги Эгей университетинин биология бөлүмүнүн мугалими, палеонтолог Сердар Майда жана командасы 46 деңиз кабык фосили тууралуу иликтөө жүргүздү. Иликтөөдө  46 деңиз кабыгынын бирөөсүнүн 460 миллион жылдык экендиги белгиленди.

Ишкер Хасан Гүлешчинин түрдүү өлкөлөрдөн алып келген деңиз кабыктарынан турган коллекцияны музейге өткөрүп берди.

Деңиз кабыктары музейде «Хасан Гүлешчи үлүл кабыгы коллекциясы» деген ат менен көргөзмөгө чыкты.

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо