Ак калпакка өзгөчө макам ыйгаруу боюнча демилге көтөрүлдү

Кыргызстанда ак калпакка «өлкөнүн маданий символу» деген макам берүү сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында талкууланат.

Долбоордун авторлору — “Республика — Ата Журт” фракциясынан Экмат Байбакпаев жана “Бир Болдон” Бакирдин Субанбеков.

Буга чейин кыргыздын улуттук баш кийими — калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Эгер сунуш колдоо тапса, жеке адамдар үчүн 10 (1000 сом), ал эми юридикалык жактар үчүн 50 (5000 сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынары айтылган.

Кыргызстанда Ак калпак күнүн өткөрүү боюнча 2011-жылы демилге көтөрүлүп, 2017-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо