Азия кубогу: Кыргызстан жок эле дегенде 200 000 доллар алат

Кыргызстан Азия кубогунда эң кур дегенде 200 000 доллар алат.

Жалпы Азия кубогунун байге фонду 14 млн 800  долларды чамалайт.

1-орунду алган курама командага 5 млн доллар ыйгарылат.

2-орунду алган команда 3 млн доллар татыйт.

Жарым финалчыларга 1 млн $ берилээри белгиленген.

Азия кубогуна катышкан 16 курамага 200 000 доллар берилет. Кыргызстан курама командасы өз тарыхында биринчи ирет Азия кубогунун финалдык баскычына катышып, плей-офф баскычына чыкты. 1/8 бөлүктө өлкө курамасы БАЭ менен 21-январь Бишкек убактысы боюнча 23:00дө беттешет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо