Азия кубогу: Кытай, Иран, Вьетнам 1/4 финалга өттү

Кыргызстан менен бир тайпада ойногон кытай футболчулары  Таиланд менен кездешип, 2:1 эсебинде утуп, 1/4 финалдык бөлүккө жолдомо алды.

Иран курамасы Оманды 2:0 эсебинде  жеңип, кийинки  бөлүккө жолдонмо алды.

Ал эми Иордания  Вьетнам беттеши  негизги убакытта 1:1 эсебинде жыйынтыктап, пенальтиден 4:2 эсебинде Иордания курамасы утулуп, чемпионаттан четтеп калды.

21-январда да финалдын 1/8 бөлүгүндөгү оюндар уланат. Анда Кыргызстандын курама командасы Бириккен Араб Эмираттары менен ойнойт.

Ошондой эле  Жапония Сауд Арабиясы менен, Австралия менен Өзбекстан чейрек финалга өтүү үчүн көк майсанга чыкмакчы.

Футбол боюнча 17-Азия кубогу быйыл  Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатат. 5-январда башталган чемпионат 1-февралда жыйынтыкталмакчы.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо