Бишкекте мейманканадан өрт чыкты

Бишкек шаарынын С. Лазо көчөсүндө жайгашкан жеке менчик мейманканасынан өрт чыкты. Бул тууралу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жеке менчик мейманкананын жыгач устундуу чатыры, 80 чарчы метр керме шыбы күйүп кеткен.

Андан сырткары 8 даана пластик терезе, 4 эшик, 4 керебет, 4 үстөл, 8 орундук, 4 сыналгы, 4 шифоньер, ашкана эмереги, кир жуугуч машина, газ плита, муздаткыч күйгөн.

Өрт тиричилик электр шаймандарынын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан деп болжолдонуп жатат.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо