ИИМ: 10дон ашык жаран ок атуучу куралдарды тапшырды

Өткөн жумада ондон ашык жаран  өз эрки менен ок атуучу куралдарды милицияга тапшырды. 

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, Ала-Букада 2, Аксыда 4,  Сузакта 1, Таш-Көмүр шаарында 2, Базар-Коргондо 1 жана  Сокулук районунда 1 жаран ички иштер министрлигинин кызматкерлерине тапшырган.

ИИМ мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-даарыларды, жарылуучу заттарды өз эрки менен милициянын аймактык бөлүмүнө тапшырууну эскертет. Ал үчүн жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо