Лейлекте алгачкы жолу жүрөккө операция жасалды. Фото

Баткендин Лейлек районунда биринчи жолу жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, операция Корея кайрымдуулук “Милал” жүрөк фондунун колдоосу менен жасалып, ийгиликтүү өткөн. Учурда операция болгон бейтаптын абалы жакшы. Ал тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлүп, жабыркап келген.

Операцияны кардиохирург Жамалбек Ашымов баштаган Кыргызстандын кардиохирургия жана трансплантация илимий изилдөө институтунун 12 дарыгери жасашкан.

Апрель айында тубаса журөк кемтиги оорусу менен ооруган жаш балдарга акызысыз операция жасашкан.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо