Ломбарддардын иши жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, карыз алган адам убагында бере албаса ломбард бир ай үстөк койбой күтүүгө милдеттүү. Андан сырткары күрөөдөгү буюмду эки ай сактап турганы үчүн да акча ала албайт.

Бул өзгөртүү «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине киргизилди. Ал Граждандык кодекстин 341-беренесине ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

341-берененин 5-пунктунда күрөөсү менен камсыз кылынган кредиттин суммасы белгиленген мөөнөттө кайтарылбаса, ломбард жеңилдетилген бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин нотариустун аткаруу жазуусунун негизинде күрөөдөгү мүлктү сатууга укуктуу.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо