Манас Ниязовдун формасы 80 миң сомго сатылды

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукциондо 80 миң сомго сатылды.

Аукцион 19-январда аяктап, эң көп каражат сунуштаган Руслан аттуу жаран жеңүүчү деп табылган.

Түшкөн каражат улакта аттан жыгылып жараат алган Дастан Жакеевдин дарылануусу үчүн берилмекчи.

Аукцион «Көк Бөрү» федерациясынын Инстаграмдагы расмий баракчасында жүргүзүлүп, улакчынын формасынын баштапкы баасы 2 миң сом деп белгиленген.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо