Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшөт

21-январда жааган карга байланыштуу тоолуу райондордо жана Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4- чакырымдарында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкеси, Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Ал эми Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү тушүүсү мүмкүн. 

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо