Түштүк Корея Трамп менен Кимдин жолугушуусун каалайт

Түштүк Корея АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда боло турган экинчи саммитти ыраазычылык менен кабыл алат. Бул тууралуу Түштүк Кореянын өкмөт катчысы Ким Еуи-Кеум билдирди.

Ким Еуи-Кеум саммиттин «Корея жарым аралында туруктуу тынчтыкты камсыздоо үчүн бекем пайдубал түптөө жагынан бурулуш жер» боло турганын белгилеп, Түштүк Кореянын АКШ жана Түндүк Корея менен бирге Корея жарым аралынын «толугу менен ядролук куралдан тазаланышы» жана «туруктуу тынчтык» үчүн иштей турганын айтты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс «Түндүк Кореянын так жана толук тактала элек түрдө ядролук куралдардан тазаланышы темасында жылышка жетишүүгө аракет кылуудабыз», деген билдирүүсүн жарыялаган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо