АКШда кар бороонан учак каттамдары токтотулду

АКШнын ортоңку жана түштүк – чыгыш аймактарында кар бороону менен суук абанын тийгизген таасиринен улам учак каттамдары токтотулду. 

Учак каттамдарын текшерүүгө алган FlightAware фирмасынын билдиргенине караганда Бостондун Логан аэропортундагы жана  АКШдагы башка 5 миңге жакын учак учууга ыңгайсыз аба шарттарынан улам токтотулду. Андан сырткары Чикаго, Нью – Йорк, Бостон жана Вашингтон, Амтрак поезд каттамдары убактылуу токтотулгандыгы маалымдалды.

Аризона Феникстен учкан жана 129 жүргүнчүсү болгон United Airlinesке таандык бир учак Чикаго О’Хара эл аралык аэропортуна конууга аракет кылып, тайгак жолдо аянттан чыкты. Аэропорт жетекчилигинин билдиришинче, окуядан эч ким жабыркаган эмес.

New Englandда кардын калыңдыгы 60 сантиметрге, Нью – Йорктун түндүк бөлүктөрүндө да 30 сантиметрге жетти. Бүгүн кечинде абанын — 35 градуска чейин төмөндөй тургандыгы билдирилди.

АКШнын президенти Дональд Трамп да твиттер эсебинен кар бороону каптаган аянттын чоңдугуна басым жасап, америкалыктарды этият болууга чакырууда.

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо