Үй-бүлөнүн баш калкасына айланган ажаткана. Видео

Ош шаарында коомдук ажаткана иштеткен үй-бүлөнүн баш калкалоочу жайы жок. Буга байланыштуу ижарадагы ажатканасында 5 жылдан бери жашап келишүүдө. 

Ал ажаткана Ош шаарынын Кулатов кичи районунда жайгашкан. Дараткананы Гүлзада Нарбаева күнүнө 300 сом ижара акы төлөп иштетет.

Нарбаева ажатканада күйөөсү экөө эле эмес, эки баласы менен кошо жашайт. Баары дараткананын кассасына эптеп батып таң атырышат.

Кассанын ичи бир гана адамга ылайыкташкан. Эки адам 2 саат сайын алмашып уктоого аргасыз.

Мынтип катаал шартта жашап жаткан үй-бүлөнүн абалы боюнча биздин кабарчы жеринен Фейсбуктагы баракчабызга түз эфир жасаган. Видеону бул жактан көрүңүз.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо