
Йеменде 22 миллион киши тамак — аш коопсуздугу жок жашайт. Ушул тапта 12 миллион киши ачкачылык коркунучу менен өлүм алдында турат.
Йемен өнөр жай жана соода министри Мухаммед Абдулвахид ел — Маитими өлкө калкынын 3 жарым миллионуну үйлөрүнөн таштап көчүп кетүүгө мажбур болгондугун белгиледи.
Мухаммед ел — Маитими үйлөрүнөн көчүүгө мажбур болгондордун 500 миңинин өлкө тышына чыккандыгын билдирди. Маитими улуттук кирешесинде жарымынан дагы көп төмөндөө болгондугун жана миллиондогон кишинин жумушун жогото тургандыгын баса белгилеп айтты.
4 жылды артта калтырган согуш Йемендин күчсүз экономикасын жана базисин кулоо деңгээлине алып келди жана БУУ тарабынан «дүйнөнүн эң чоң адамзаттык апааты» деп аныкталган трагедияга айланды.
Оставьте первый комментарий