Мамлекеттик кызматкерлер кошумча ишмердүүлүк кыла баштайт. Инфографика

Салык кодексине киргизилген өзгөрүүлөрдөн кийин мамлекеттик кызматкерлердин кошумча иштөөсүнө жол ачылды. Экинчи жумуш ыктыярдуу патент аркылуу ишке ашат.

Конституциялык укук жана салык кодексинин ортосундагы карама-каршылыкты жойгон өзгөртүүлөргө президент Сооронбай Жээнбеков 15-январда кол койгон. Мыйзам жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Толуктоолорго ылайык, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иштегендер негизги ишине тоскоолдук жаралбаса ыктырдуу патенттин негизинде ишмердүүлүк кыла алат.

Буга чейин мамлекеттик кызматкер патент алган учурда салык кызматында автоматтык түрдө жеке ишкер катары катталып, мамлекеттик кызматын тапшырууга туура келчү.

Азырынча мыйзамды аткаруу механизминин токтому чыга элек. Ишке ашырылышын салык адистери төмөнкүдөй болжолдоп жатышат.

Киргизилген өзгөртүүлөр «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын  20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пункту боюнча кошумча иш алып барууга уруксат берет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган. Салык кодексине өзгөртүү киргизүү демилгесин парламент депутаты Дастан Бекешов көтөрүп чыккан.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо