80 жаштагы кемпир өрттөн каза тапты

Ош шаарынын Моминов көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, 80 жаштагы Н.В аттуу кемпир каза тапты. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова «Т-Медиага» билдиргендей, тилсиз жоо кечээ, 22-январда катталган. Өрттөн турак үйдүн ичиндеги жыгач полу жана төшөнчүлөр күйгөн.

Каза болгон жарандын денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо