Футболчулардын үстүнө чагылган түштү

Бурундиде футболдук беттеш өтүп жаткан учурда чагылган түшүп, анын кесепетинен 4 футболчу каза тапты.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыккандай, калк жыш жайгашкан Буджумбура шаарынын 120 чакырым түндүгүндө орун алган Нгозидеги футболдук мелдеште аянтка чагылган түштү.

Ал жердеги футболчулардын алтоосу чагылгандан жабыркады. Бул футболчулардын экөө ошол жерде, калган экөө ооруканада көз жумду. Ал эми жаракат алган 2 футболчу дарыланып жатат.

Коомдук иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылы табигый кырсыктардан 60 миң үй-бүлө жабыркады. Буриндиде катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жамгырлар жыл сайын табигый кырсыктарга себепчи болот.

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо