Индонезияда сел жүрүп, жер көчтү

Индонезиянын Сулавеси аралында катталган сел жана жер көчкүдө алты киши каза тапты.

«Метро тв» каналынын берген кабарына караганда, аралдын түштүгүндөгү Гова аймагында катуу жамгыр жаап сел жүрүп, жер көчкү болду. Табият кырсыгынан алты киши каза болду.

Аймакта болгон селдин айынан үйлөрүндө калган кишилерди куткаруу иштери улантылып, аймактын түндүгүндөгү Макассар шаарында да катуу жааган жамгыр селдин жүрүшүнө себеп болду.

Тропикалык климатка ээ болгон Индонезияда ашыкча жамгыр жаашынан улам бат — бат сел жана жер көчкү болуп турат.

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо