Март айында Кыргызстанга Путин келет

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити 2019-жылдын март айынын аягында болоору күтүлүүдө. Визиттин алкагында соода-экономикалык кызматташтык, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргызстанда инфраструктуралык курулуш чөйрөсүндөгү долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланат. 

Бул тууралуу  президенттик  аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Кыргыз-орус мамилелери, союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү илгерилетүү, достукту бекемдөө жана экономикалык долбоорлорду алга жылдыруу максатында Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинди Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырган. Азыр тараптар бул маселенин үстүндө иштешүүдө.

Ал 2018-жылдын сентябрь айында Тажикстанда өткөн КМШ мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги Кеңешинин талаасында Кыргызстандын жана Россиянын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу болгонун, анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди расмий түрдө Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырганын эске салды. Ошол учурдан баштап бул иш-чараны даярдоо боюнча активдүү иш башталды.

«-КР тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков 2018-жылдын 26-октябрындагы өзүнүн Россияга алгачкы визитинин алкагында россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушкан. Тараптар Россия Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитине байланыштуу маселелерди талкуулашты», — деп кошумчалады Данияр Сыдыков.

Ага чейин 2019-жылдын 3-4-февралында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга расмий визити күтүлүүдө. Президент Владимир Путиндин Кыргызстанга алдыдагы мамлекеттик визитин талкуулоо анын күн тартибиндеги башкы маселе болот.

«-Мамлекеттик визиттин алкагында бир катар иш-чаралар болжолдонгон. Кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиянын 21-отуруму өтөт, Кыргызстандын жана Россиянын бизнес коомчулугунун 500 өкүлү катышкан 8-кыргыз-россиялык Региондор аралык конференциясы өткөрүлөт. Кыргызстанда биринчи жолу Кыргызстандын жана Россиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун Форуму өтөт. Форумдун жыйынтыктары боюнча эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда бир катар Макулдашууларга кол коюлат», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Эки тараптуу жолугушууларынын алкагында соода-экономикалык кызматташтык, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргызстанда инфраструктуралык курулуш чөйрөсүндөгү долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланат. Ошондой эле Россияда жашап жана эмгектенип жатышкан мекендештер жөнүндө маселелер көтөрүлөт.

Россия Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин жыйынтыктары боюнча аскерий, экономикалык жана укук коргоо чөйрөлөрү, регионалдык кызматташтык жана тышкы саясатта өз ара аракеттешүү боюнча 15ке чукул документтерге кол коюлат.

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо