Москвада жасалма авиабилет саткан кыргызстандык кармалды

Москва-Бишкек, Москва-Ош каттамдары боюнча жасалма авиабилеттерди саткан шектүүнүн өздүгү такталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, шектүү 21-январь күнү Москва облусунун аймагында кармалган. Анын үстүнөн Москва шаарынын Замоскворечье районунда 23 арыз катталган. Ал жасалма авиабилеттерден 700 000 рубльдан ашык акчаны өндүргөн.

Шектүү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 1995-жылы туулган Р.Р. аттуу жошоочусу болуп чыккан. 2018-жылдын сентябрь айында авиабилеттерди сатуу боюнча компаниянын жумушчусу болуп иштей баштаган.

Жасалма авиабилеттерден улам 2018-жылдын 30-декабрында бир канча жүргүнчүлөр Москва-Бишкек каттамы боюнча уча албай калышкан.

Бул окуядан соң ИИМ авиабилет сатып алган учурда чек талап кылууну эскертүүдө.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо