Пакистанда 24 адам жол кырсыгынан каза болду

Пакистанда автобус менен мунай ташыган унаа кагыша кетип 24 киши каза тапты.

Пакистан басма сөзүндө жарыяланган маалыматтарга караганда өлкөнүн түштүгүндөгү Синдх провинциясында орун алган Карачиден Белужистандын Панжур аймагына бара жаткан 40 киши орун алган жүргүнчү автобусу каршы тараптан келе жаткан мунай ташыган унаа менен кагылыша кетти.

Кырсыкта алгачкы белгилөөлөргө караганда 24 киши каза болду. Бешөө оор, 16 жүргүнчү жеңил жаракат алды.

Аймактагы ооруканада орундардын жетишсиздигинен жабыркагандар Карачиге көчүрүлдү. Бирок тез жардам унаалары жетишпей кечигүүлөр болду.

Кырсыктан кийин унаадагы мунай заттын жайылышы менен эки унаа өрттөндү. Окуя болгон жерге барган өрт өчүргүчтөр өрттү өчүрүп, жабыркагандарды куткарды.

Өлкөдө август айында бир жүргүнчү автобусу менен май ташыган унаа кагылышып, кырсыкта 18 киши каза болгон.

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо