Парламент депутаты Жогорку Соттун төрайымы менен кайым айтышты

Бүгүн 23-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев  менен Жогорку Соттун төрайымы Гульбара Калиева кайым айтышты. Депутат М.Абдылдаев Жогорку Соттун төрайымын 10-класстын окуучусуна теңеди.

«-Бизде мыйзам бар. Беш кодекс менен эки мыйзамды ишке ашыруу боюнча. Аны 2017-жылы 24-январ кабыл алсаңар керек эле. Ошол жерде силердин  укугуңар жазылган. Сот арачылары боюнча. 2020-жылы 1-январдан баштап Бишкек жана Ош облусунда сот отурумунда сот арачылары келип отурушу керек. Буга даярдыгыңыздар кандай? Аларды ким окутат, аларга имараттар курулдубу?- » деп сурады ал төрайымдан.

Жогорку Соттун төрайымы Бишкек жана Ош шаарларында 2010-жылга чейин аткарылы турган иштер боюнча жооп берди.

«-Сот арачылар үчүн имараттар 2019-жылга каралган. Ош шаардык сотуна, Кара-Суу райондук сотторуна имараттар каралып жатат. Ал эми сот арачыларды окутуу биздин укук- милдетибизге кирбейт. Аймактарды кыдырып жатабыз. Каржы маселеси боюнча каржы министрлигине киргизгенбиз»-деди ал.

Жогорку Соттун төрайымынын жообуна депутат канааттанган жок. Бул жоопторду 10-класстын окуучулары да берет деди.

Жогорку Соттун төрайымы сын айтуу оңой экенин, этиканы сакташ керектигин айтты. Ортодо кайым айтышуу уланды.

 

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо