Ак шумкарларды аэропортто тосуп алуу. Фото

Бүгүн, 24-январда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогуна катышкан Кыргызстан курама командасы өлкөсүнө кайтып келди.

Түнкү саат 04:30 экенине карабай  футболчуларды тосуп алууга келген күйөрмандардын саны арбын болду.

Улуттук курамабызды вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да барган. Ал сөз сүйлөп курамага жана анын машыктыруучусуна ыраазычылык билдирди.

Ак шумкарлар менен жолугушуу бүгүн 15:00дө Ала-Тоо аянтында улантылмакчы.

Белгилей кетсек, кыргыз курамасы Азия кубогунун 1/8 финалдык оюндарынын алкагында БАЭ менен ойноп 3:2 эсебинде жеңилип калышкан эле.

Фото: КРнын өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо