
Футзал боюнча Ош шаарынын жана облусунун 13-чемпионаты башталды. Кичи футбол боюнча кезектеги биринчиликке жалпы 20 команда катышып жатат. Он эки команда биринчи лигада ойносо, калган сегизи жогорку лигада күч сынашат. Чемпионат эки жарым айга созулуп, беттештер ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлүп турмакчы.
Биринчи жана экинчи тур оюндары өткөн дем алыш күндөрү өткөрүлгөн. «T-Media Group» Кыргызстандын футбол федерациясы менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулуп жаткан 13-чемпионатты чагылдырып берүүнү баштайт. Алгачкы оюндардын жүрүшүн бул жактан көрсөңүз болот.
Оставьте первый комментарий