Кыргызстандын Индиядагы элчиси дайындалды

Асеин Исаев ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Индия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Асеин Исаевдин талапкерлигин тышкы иштер министрлиги көрсөткөн. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети анын талапкерлигин 22-январда жактырган.

Буга чейин ал Кыргызстандын Бельгия, Нидерланд, Люксембург жана Франциядагы элчиси, НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп иштеп келген.

Өткөн аптада президент АКШга, Орусияга, Кытайга жана Түштүк Кореяга жаңы элчилерди дайындаган буйругун чыгарган.

 

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо