
Мамлекеттик цирктин директору болуп Фархад Бекмамбетов дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм Азамат Жаманкулов кол койгон.
Бекмамбетов КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары жана “Айтыш” фондунун директору кызматтарын ээлеп келген.
Мамлекеттик цирктин мурдагы жетекчиси 2018-жылдын соңунда кызматтан кеткен эле. Дээрлик эки айдан бери жаңы жетекчи дайындалбай жатканына цирктин жамааты нааразылык билдирип чыгышкан.
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уюштурулган акцияда министр Азамат Жаманкулов цирктин жамааты сунуштаган Аида Акматованын талапкерлигин колдобой жатканын айтып даттанышкан. Көп өтпөй цирктин 30дан ашык кызматкери иштен кетүү боюнча министрдин атына арыз жазышкан болчу.
Белгилей кетсек, мамлекеттик циркти буга чейин 2004-жылдан бери жетектеп келген директор Курмангазы Исанаев өткөн жылдын соңунда чыгармачыл жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен эле.
Оставьте первый комментарий