
Социалдык түйүндөрдө Ошто балдардын мушташы деп тараган видео тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирүү таратты.
«Бул видео боюнча текшерүү жүргүзүп видеодогу автоунаанын мамлекеттик белгиси жана адамдардын сүйлөгөн диаелектикасы боюнча иликтөөдө видеотасма Кыргызстандын аймагында эместиги аныкталды», — дейт Ош ОИИБ басма сөз кызматынан Жеңишбек Аширбаев.
Мындан сырткары Ноокат районунун жана Ош облусунун аймагында мындай окуя жакынкы мезгилде катталбаганын жана мушташкан балдар бир улуттун өкүлү экенин билдирет.
Окуя 2018-жылдын 24-декабрында өзбек жаштарынын арасында Өзбекстандын Наманган облусунун Норин районундагы Курганча айылында болгон.
«Жаш балдардын арасындагы мушташты-«Ош шаарынын Амир-Темир (10 адыр) кичи районунда болгон окуя» деп жалган маалыматтарды интернет булактарында таратып жатышат. Мындай улуттар аралык кастыкты козгогон фейсбук колдонуучулар жоопко тартылуусу керек», -дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы.
Оставьте первый комментарий