
91-жолу ээлерин таба турган Оскар сыйлыктарынын талапкерлери жарыяланды.
Альфансо Гуарондун «Рим» жана Йоргос Лантимостун «The Favourite» көркөм тасмалары эң мыкты тасма менен катар 10 башка номинация талапкерлерге көрсөтүлдү.
Көп жылдар боюу сүйлөшүлгөн кино тасмаларга кол койгон режиссер Spike Lee, карьерасында алгачкы жаңылыкка ээ болуп олтурат. Режиссер «BlackKKKlansman» тасмасы менен алгач ирет эң мыкты режиссер номинациясында талапкер болду.
Быйылкы күтүлбөгөн жаңылыктардан бири музыкасы басымдуу тасмалар болду.
Музыка жылдызы Лейди Гага, «Бир жылдыз жаралууда» аттуу тасмадагы ролу менен эң мыкты айым оюнчу сыйлыгын алуу үчүн жарышат.
Атактуу музыка тобу «Queen» жана дүйнөдөн кайткан солист Freddy Mercuryни түшүндүргөн «Bohemian Rhapsody» тасмасы да талапкерлердин арасында. Бул тасма эң мыкты көрүнүш жана эң мыкты эркек оюнчу сыйлыгы үчүн ат салышат.
Оскар сыйлыктары 24-февралда ээлерин табат.
Оставьте первый комментарий