
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды.
Улукбек Кочкоров мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүнү автоматташтырууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков «Санариптик Кыргызстан» бирдиктүү санарип платформасынын жана ведомстволор аралык электрондук «Түндүк» системасынын негизинде мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүнүн автоматташтырылган системасын киргизүүнү тездетүү керектигин белгиледи.
Мамлекет башчы министрлик өзгөчө оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөр менен алдын алуу иш алып барууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал ата-энесинин камкордугусуз жана көзөмөлсүз калган балдардын электрондук маалымат базасы дагы эле түзүлө электигине көңүл бурду.
Оставьте первый комментарий