
Алар арыз менен бирге эл аралык мелдештерде, ар кандай сынактарда утуп келген кубокторун, грамоталарын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго тапшырганы жатышат.
— Министр «үч күн ичинде жетекчи дайындалат» деп убада берген. Бүгүн үчүнчү күн болуп жатат. Кеч кирип баратат, эч кандай жумуш болгон жок, — дейт цирктин кызматкери Данияр Бөлөкбаев.
Жакында эле мамлекеттик цирктин кызматкелери Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык иретинде оюн-зоок уюштурган.
Цирктин жамааты эки айга чукул убактан бери жетекчи дайындалбай жатканына нааразы. Мындан сырткары маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун цирктин жамааты сунуш кылган Аида Акматованын талапкерлигине каршы болуп жатканына даттанышат.
Министр Жаманкулов цирк жетекчилигине көрсөтүлгөн талапкерлердин программа-концепциясы каралып жатканын, мекемеге мыкты менежер барышы керек экенин айткан.
Белгилей кетсек, мамлекеттик циркти буга чейин 2004-жылдан бери жетектеп келген директор Курмангазы Исанаев өткөн жылдын соңунда чыгармачыл жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен эле.
Оставьте первый комментарий