Индонезияда сел жана жер көчкүдөн 26 киши каза болду

Индонезиянын Түштүк Сулавеси аймагында болгон сел жана жер көчкүдөн 26 киши каза тапты.

Жергиликтүү басылмалар жазып чыгышынча,  Түштүк Сулавеси өзгөчө кырдаалдар агенттиги аймактын Гова Женепонто жана Марос аймактарында катуу жамгыр жаашы себеп болгон сел жана жер күчкүдө каза болгондордун саны 26га жеткен.

Түштүк Сулавеси өзгөчө кырдаалды башкаруу  агенттигинин жетекчилери сел жана жер көчкүдөн тескери таасирленген 3 миң 312 киши коопсуз аймактарга көчүрүлгөнүн маалымдады.

Сел жана жер көчкүрлөр көп болгон аймактарда жоголгон кишилерди издөө жана жабыркагандарга жардам берүү иши уланып жатат.

Тропикалык климаттуу Индонезияда ашыкча жамгыр жаашынан улам сел жана жер көчкүлөр бат-баттан катталып турат.

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо