Ошто жаш балдардын мушташы деп видео тараткан адам аныкталды

Социалдык тармактарда Ошто  жаш балдардын мушташы деп видео тараткан адам аныкталды.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынан билдиришкендей, видео тасманы улуттар аралык кастыкты козутуу максатында Орусияда жүргөн 1992-жылы туулган Кыргызстандын жараны Эдил Орумбеков  тараткан.

Учурда бул иш каттого алынып, кылмыштын белгилери аныкталган.

Орумбековдун так жашаган жери аныкталган соң тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлөт.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо