Ноокатта малдын саны кыскарууда. Инфографика

Ош облусунун Ноокат районунда малдын саны кыскара баштады. 

Бул тууралуу район акими Давранбек Маматалиев өткөн жылдын жыйынтыктын чыгарып жатып билдирди. Райондун жылдык отчётунда мал башынын азаюусу союш көп болуп жаткандыгы менен түшүндүрүлгөн.

Орточо эсеп менен алганда райондо мал-жандыктар 5%дын тегерегинде кыскарган. Үй канаттууларынан тарта ири мүйүздүү малдарга чейин азайды.

«Быйыл эчкинин саны 7 миңге кыскарып, койлор 4 миңге көбөйдү. Жылкынын, тооктун саны былтыркы жылга салыштырмалуу чынында эле азайып кеткен. Бирок жумуртка берүүчү тооктор 100 пайыздан ашык болгондуктан кийинки жылы бул маселеден чыгы алат деген божомол бар«,-деди  райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Мухаммдедкалил Турдуев.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2016-жылы Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкы 467 миң, чочко – 51 миң, үй канаттуулары – 5,6 миллион. Кыргызстандын ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо