Адам сатууга каршы 100 күндүк кампания жыйынтыкталды

Бишкекте Кыргызстандын баардык аймактарынан жаш активисттер жана “Адам сатууга каршы 100 күн” кампаниясын ишке ашырган жаштар чогулуп адам сатуу, зордук-зомбулук көйгөйлөрүн чагылдыруу кампаниясынын жыйынтыктоочу конференциясына катышышты.

Иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Кыргызстандагы БУУ системасынын туруктуу координатору Озонниа Ожиело да катышты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жаштарга жана иш-чаранын уюштуруучуларын ыраазычылык билдирип атайын сыйлыктарды тапшырды.

Бул ирет кампанияга Кыргызстандын булуң-бурчунан жалпы 30 организациянын өкүлдөрүнөн 80 жаш лидер катышты. Адам сатууга каршы 100 күндүк кампанияны өткөрүп жаткан жаштар жарандык коом, башкаруу бийлиги жана массалык маалымат каражаттары менен биргеликте иш алып барышты.

Бул иш-чаралар 5 миңден ашык жаш активистердин башын бириктирди. Алар жалпысынан 50дөн ашык чогулуштарды, семинарларды, түшүндүрүү иштерин уюштурушкан. 100 күнгө созулган кампанияда жети облустан тандалып алынган жаштар калкты адам сатуунун жана жөнгө салынбаган миграция тобокелдиги, эмгек жана сексуалдык эксплуатация, эрте никеге туруу жана ала качуунун кесепеттери тууралуу маалымдоо үчүн атайын иш-чараларды өткөрүшкөн. Мындан сырткары балдарды эмгекке тартуунун эң жаман түрлөрү, кыздар менен аялдарга жасалган зомбулук туурасында да эскертилип кабарланган.

Бул жылдагы 100 күндүк кампания миллиондогон адамдардын көңүлүн өзүнө бура алды. Анын жыйынтыгында миграция кызматынын 1899 кыска номуруна келип түшкөн чалуулар 14%га жогорулаган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда  «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясы экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Анын негизги максаты жарандарга  адам сатуу көйгөйү боюнча кеңири маалымат берүү жана Кыргызстандагы жөнгө салынбаган миграция боюнча элдин маалымат алышын жогорулатуу боюнча улуттук демилге. Аталган иш-чара 2018-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрга чейин «ЖАШТАР КОЛДОЙТ» деп аталган ураандын алдында өткөрүлдү.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо