Б.Төрөбаев: Атамбаевге бүгүн да жылуу сөз айтам

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата жылуу сөзүн айтууну токтотпойт. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» түз байланыш учурунда айтты. 

Депутат ар кандай суроолорго жооп берүү үчүн бүгүн, 28-январда «Фейсбуктагы» «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын баракчасы аркылуу колдонуучулар менен түз байланышка чыкты. Колдонуучулардын бири 2017-жылы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов менен түзгөн келишимиңиз мыйзамдуубу деп суроо берген. Ал суроого жооп берип жатып Атамбаевге карата айтылган жылуу сөзү тууралуу да айтты.

«-Шайлоо бүткөндөн кийин улуттук жыйын болду. Баарыбыз Сооронбай Жээнбековдун жеңишин куттуктадык. Улуттук жыйынга оппозициялык фракциялардын эч ким келбеди, бир гана мен бардым. Ал жерге жалпы команданын атынан бардым. Команданын атынан барып, катышып сөз сүйлөдүм. Андан танбайм.

Эми туугандар. КМШ өлкөлөрдүн ичинен өз ыктыяры менен президенттик кызматты өткөрүп берген адам барбы? Андай жок да. А.Атамбаев президенттик шайлоодо өзү ураан кагып өткөрдү. Ошол жерде 6 жыл президент болгонуна жылуу сөздөрдү, туура сөздөрдү айтканмын, бүгүн деле айтам», -деди ал.

Б.Төрөбаев түз байланышта саясаттагы окуяларга карата пикирлерин, буга чейинки аткарган иштери тууралуу маалымат берген.

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо