Бразилияда кен сактоочу жай кулап, 58 киши каза болду

Бразилиянын түштүк-батышында кен калдыктарын сактоочу жайдын дамбасы кулап 58 киши тапты. Ишемби күнү катталган кырсыктан 305 адамдын дайыны чыкпай жатат. 

Минас Гераис өрт өчүрүү уюму аймакта издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканы жана каза болгондордун санынын көбөйө турганы маалымдады.

Кен калдыктарын  сактоочу жайдын дамбасы эмне себептен кулаганы азырынча белгисиз.

Бразилиялык кен иштетүүчү фирма Vale SAнын маалыматына караганда кен таштандысы Брумадинхо шаарына караштуу Вила Фертего отурукташкан жерине жеткен. Учурда шаардын айрым райондорунда жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлүп, куткаруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Бразилиянын президенти Жаир Больсонаро 3 министрди аймакка жөнөтө турганын жарыялаган болчу.

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо