Быйыл жазында электр тарифи өзгөрөт

Быйылкы жылдын экинчи кварталында электр энергиянынын жаңы тарифи бекитилет. 2019-2023-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип жатат. 

Бул тууралуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин маалымат катчысы Айнура Касымова кабарлады. Анын билдиришинче, 2023-жылдарга чейинки тариф саясатын быйылкы жылдын апрель-май айларына даярдап бүткөрүү тапшырмасы коюлган.

«Азырынча жаңы тариф саясатында электр энергиясына болгон баа арзандайт же көтөрүлөт деп айта албайм. Долбоорун иштөө иши уланып жатат. Толук даярдалып бүткөнгө чейин тариф тууралуу үн ката албайбыз«,-деди Айнура Касымова.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги 2019-2023-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү тариф саясаты иштеле баштаганын былтыр октябрь айында маалымдаган. Агенттик даярдалып жаткан жаңы тарифтик саясатта электр баасы көтөрүлөт же арзандашы боюнча тактоо киргизген  эмес болчу.

Кыргызстанда электр энергиясына тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан тариф коюлган. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер 2 сом 24 тыйындан төлөйт.

Былтыр декабрда парламент депутаты Аида Исмаилова өлкө электр кубатын импорттогон маалда коюлган тариф боюнча төлөп келе жатканын эскертип, өкмөттү электр баасын кайра карап чыгууга чакырган эле.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо