Өзгөндө кар күрткүсүнөн улам жабылган жол ачылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзгөн районундагы Ийри-Суу-Орказган ички чарбалык жолу ачылганын маалымдады. 

Министрликтин билдиришинче, 18 чакырымды түзгөн Ийри-Суу-Орказган унаа жолу 20-январь күнү катуу шамал жана кар күрткүсүнүн кесепетинен убактылуу жабылган.

Тазалоого 1 бульдозер тартылып,  27-январь күнү саат 10:30да унаа жол толугу менен ачылды. Азыркы тапта аталган жолдо эки тараптуу каттам жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 10571 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*