Аңчылар жем таштоо флешмобун баштады. Видео

Ош, Баткен аңчылар коому кар оор түшкөн аймактарга жем таштоо акциясын баштады. Флешмоб жапайы канаттууларды кышкысын ачкачылыктан сактоо максатын көздөйт. 

Акция январдын акыркы жекшембесинде аңчылык сезону жыйынтыкталганына байланыштуу старт алган. Азыр Баткен, Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорундагы аңчылык аймактарында жем ташталды.

Акциянын демилгечилери жем таштоо менен гана чектелбей видео чакырык жасап жатышат. Муну менен алар өлкөнүн бүт аймактарындагы аңчыларды флешмобго катышууга чакырышат.

«Кекилик менен улар канаттууларын коргоо максатында флешмоб баштадык. Себеби алар жумуртка коё баштайт. Аңчылык сезонуна чейин сагызган, түлкү жана чөөлөрдү атып коргоп келгенбиз. Сезон бүткөндө жыл сайын бул мезгилде жем таштайбыз. Кетчү каражат өз чөнтөктөрүбүздөн болот. Ошентсе да быйыл флешмобго катышкандар быйыл арбын. Буга видео чакырык жасоо себеп деп ойлойм»,-деди Ош, Баткен аңчылар коомунун мүчөсү Улукбек Сейдалиев.

Аңчылык сезону жыл сайын август айынын экинчи ишембисинде башталып, январдын акыркы жекшембисинде жыйынтыкталат.

 

Автор Т-медиа 10833 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*