АКШда мектепке куралдуу кол салуу болду

АКШнын Тексас аймагында бир мектепке куралдуу кол салуу жасалды. Кол салууда беш полиция жараланды. 

Хьюстон полициясынан берилген маалыматта аймактагы бир мектепке куралдуу кол салуунун жасалгандыгы жана бир топ полициянын жаралангандыгы билдирилди. Жергиликтүү басма сөздө болсо окуяда беш полициянын жараланып ооруканага жаткырылгандыгы кабарланган.

Хьюстон мэри Сильвестр Тернер социалдык медиа эсебинен берген маалыматта кол салуучунун өлүү колго түшүрүлгөндүгүн жарыялады. Кол салуунун себеби азырынча белгисиз болуп, жакын жердегилердин окуя болгон жерден алыс болушу тууралуу эскертилди.

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо