Атайын эсепке дагы 95 млн сом которулду

Коррупциялык иштер үчүн ачылган атайын эсепке экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 95 млн 748 миң 549 сом которду. 

Финчалгындын маалымат кызматынан билдиришкендей, жогорудагы сумманын ичинен  85 млн 684 миң 405 сом «Акнет» ЖЧК интернет-провайдерине карата козголгон кылмыш ишинин алкагында өндүрүлгөн.

Финчалгын тарабынан атайын эсепке жалпы 370 млн 687 миң 965 сом акча которулган.

Эскерте кетсек, «Акнет» компаниясы салык текшерүүгө алынганда белгилүү бир бузуулар аныкталган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо