Трамп АКШнын Мексика чек арасына дубал тургузат

Дональд Трамп АКШ менен Мексика чек арасына дубал тургузуу планынан кайткан жок. Бул туралуу ал өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп бир катар кеңселерди 15-февралга чейинки каржылоо боюнча Конгресс кабыл алган убактылуу бюджетке кол койгон. Эми алдыдагы 21 күндө узак мөөнөттүү бюджет маселеси талкууланат. Дональд Трамп чек арага дубал куруу боюнча оюнан кайтпай турганын Твиттердеги баракчасынан «Биз ал дубалды сөзсүз орнотобуз»,- деп жазган.

«Эгер Конгресс менен адилеттүү келишимге жетишпесек, 15-февралдан тарта өкмөттүн иши кайра токтойт же мен Конституция берген ыйгарым укуктан пайдаланам», — деп билдирди Дональд Трамп.

АКШдагы 35 күндүк кризистен улам өлкө экономикасы 6 млрд доллар зыян тартты. Бул дубалды тургузууга бөлүнө турган каражаттан көбүрөөк.

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо