Аткезчилик менен келген жүк ташуучу унаалар аныкталды

Кыргызстанга бажы мыйзамдарын бузуу менен алынып келинген унаалар аныкталды. 

Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматынан билдиргендей, 16 жүк ташуучу унааны алып келүүдө мыйзам бузулуп, 19 млн 154 миң 991 сом бажы төлөмү төлөнгөнбөгөнү аныкталган.

Алар «Вольво», «Даф», «Ман» «Мерседес-Бенц-Вито» 2 «Хундай Портер»үлгүсүндөгү 16 жүк ташуучу унаа жана 13 чиркегич Евразиялык экономикалык биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн алып келинген.

Мыйзамсыз алынып келинген унаалар мамлекеттик каттоо кызматындагы мекемеге жасалма документтер менен каттоого тургузулганы ачыкталган.

Бул боюнча иш башкы прокуратурага жиберилген.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*