Баткенде жаңы гемодиализ борбору ачылды

Баткен шаарында «Саламат Баткен» кыргыз-түрк жаңы гемодиализ борбору ачылды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Чолпон Бердикулова билдиргендей, жаңы борбордо 5 гемодиализ аппараты бар. Алардан күнүнө 10 адам гемодиализ алат.

Мамлекеттик милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду  ай сайын гемодиализ алчу ар бир бейтапка 4700 сом бөлүп турат. Ал эми бейтаптар кошумча медициналык кызмат үчүн 550 сом төлөшөт.

Баткен облусунда жалпы 36 адам гемодиализ алып турууга муктаж.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын декабрь айында гемодиализ борбору Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында ачылган.

Автор Т-медиа 11661 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*